433-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында турган адамды өткөрүп берүү жөнүндө тапшырманын аткарылышы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 48-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2013 года № 179
(1) Кыргыз Республикасы эл аралык келишимге ылайык же өз ара мамиле принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында турган адамды жазыктык куугунтуктоо же Кыргыз Республикасынын жана адамды өткөрүп берүү жөнүндө тапшырманы жиберген чет мамлекеттин жазык мыйзамдары боюнча жазыктык жазалоо болуп саналган жосун үчүн өкүмдү аткаруу үчүн чет мамлекетке өткөрүп бере алат. (2) Өз ара мамиле принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү тапшырманы жиберген чет мамлекеттин ынандыруусуна ылайык Кыргыз Республикасынын тапшырмасы боюнча ушуга окшош кырдаалда адамды өткөрүп берүү жүргүзүлөөрүн күтүүгө болоорун билдирет. (3) Ага карата тапшырма жиберилген адамды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) эгерде жазык мыйзамдарында ушундай жосундарды жасаганы үчүн бир жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза же кыйла оор жаза каралса, жазыктык куугунтуктоо үчүн адамды өткөрүп берүү жүргүзүлсө;
2) эгерде адам алты айдан аз эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же кыйла оор жазага соттолсо;
3) тапшырма жиберген чет мамлекет адам тапшырмада көрсөтүлгөн кылмыш үчүн гана куугунтукталарын, соттук териштирүү жана жаза өтөө бүткөндөн кийин бул мамлекеттин аймагынан эркин чыгып кетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын макулдугусуз үчүнчү мамлекетке жибербөөгө, өткөрүп бербөөгө же бербөөгө кепилдик бере алганда;
4) кылмыш жасаганы үчүн айыпталган же чет мамлекеттин аймагында соттолгон чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басарлары тарабынан каралат;
5) адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече мамлекеттин тапшырмалары болгондо, адам кайсы мамлекетке өткөрүп берилүүгө тийиш экени жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары кабыл алат;
6) кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары чет мамлекеттин компетенттүү органына жана ага карата чечим кабыл алынган адамга жазуу жүзүндө кабарлайт жана ага соттун ушул чечимине даттануу укугун түшүндүрөт;
7) өткөрүп берүү жөнүндө чечим ага карата кабыл алынган чечимди адамга кабарлаган учурдан тартып он сутка өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Даттанылган учурда өткөрүп берүү соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлбөйт.
(4) Ага карата өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн чет мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка кылмышы үчүн жаза өтөп жаткан учурда өткөрүп берүү жазаны өтөп бүткөнгө же кандай болбосун мыйзамдуу негиздер боюнча жазаны өтөөдөн бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде жаран жазык жоопкерчилигине тартылган учурда, аны өткөрүп берүү өкүм чыгарылганга, жазаны өтөгөнгө же болбосо кандай болбосун негиздер боюнча жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу жазыктык куугунтуктоонун мөөнөтүнүн эскиришине же кылмышты тергөөгө зыян келтирүүгө алып келсе, өтүнүч боюнча аны өткөрүп берүү талап кылынган адам убактылуу өткөрүлүп берилиши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
433-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-433" title="433-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>