413-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун токтому
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 45-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
413-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 413-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Адам акыл-эси соо эмес абалда коомдук коркунучтуу жосун жасагандыгын же аны жасагандан кийин психикасы бузулгандыгын таануу менен сот ишти токтотуу жөнүндө, ал эми зарыл учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралу токтом чыгарат. (2) Адам акыл-эси соо абалда кылмыш жасагандыгын, бирок андан кийин психикасы бузулгандыгын белгилөө менен сот ишти ал айыкканга чейин токтото турат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечет. Кылмыш жасаган адам айыккандан кийин сот өзүнүн токтому менен ишти токтото турууну жокко чыгарат, мажбурлап дарылоону токтотот жана ишти тергөө өндүрүшүн андан ары жүргүзүүгө жиберет. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам өзүнүн акыл-эси жагынан коркунуч туудурбаса, же болбосо ал тарабынан анча оор эмес жосун жасалса, сот ишти токтотуу жөнүндө жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонбоо жөнүндө токтом чыгарат. (4) Сот тарабынан ушул адамдын жосун жасоого катышкандыгы далилденген жок деп табылган учурда, ошого тете ушул Кодекстин 28, 29-статьялары тарабынан каралган жагдайларды белгилөөдө сот адамдын оорусунун бар экендигине жана мүнөзүнө карабастан, өзү тарабынан белгиленген негиз боюнча ишти токтотуу жөнүндө токтом чыгарат. (5) Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти токтотууда соттун токтомунун көчүрмөсү үч күндүк мөөнөттө адамды дарылоо же психиатрдык жардамга муктаж болгон адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу үчүн психоневрологиялык мекемеге жиберүү жөнүндө маселени чечүү үчүн саламаттык сактоо органдарына жиберилет. (6) Адамды жин оорусуна чалдыккан эмес же анын акыл-эсинин бузулушу ага карата жаза чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт деп таанып, сот өзүнүн токтому менен бирге ишти прокурорго кайтарат. (7) Соттун токтомунда ушул Кодекстин 323-статьясында көрсөтүлгөн маселелер чечилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
413-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-413" title="413-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>