Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-статья. Жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 августа 2018 года № 84
(1) Төмөндөгү жагдайларда:
1) кылмыш окуясы болбогондо;
2) жосунда кылмыштын курамы болбогондо;
3) жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укукка ылайык келгенде (коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо зыян келтирүү, буйрукту же башка тескөөнү аткаруу, негиздүү тобокелчилик);
4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда;
5) ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун бузула элек чечими чыккан адамга карата;
6) ошол эле жосун боюнча ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун бузулбаган токтому чыккан адамга карата;
7) жазыктык сот ишин жүргүзүүнү ишке ашырган учурда өлгөн адамга карата, өлгөн адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон учурлардан тышкары;
8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;
9) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш болгон адамга карата;
10) эгерде мунапыс жасалган жосун үчүн жаза колдонууну четтетсе, мунапыс актысынан улам;
11) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен;
12) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 66-статьясына ылайык жабыр тартуучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде;
13) прокурор жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;
14) жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жазык иши козголушу мумкун эмес, ал эми козголгон жазык иши кыскартылат.
(2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүү маалында табылса, сот ишти териштирүүнү акырына чейин жеткирип, актоо өкүмүн чыгарат. (3) Эгерде айыпкер буга каршы болсо, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Мындай болгон учурда иш боюнча соттук кароо улантыла берет жана буга негиз болгон учурда соттолгон адамды жазадан бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт. (4) Эгерде адам кылмыш жасаса, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча ишти токтотууга жол берилбейт:
1) уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында же мурда ушундай кылмыштар үчүн соттолгон болсо;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө каралган алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында болсо;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган.
4) жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасалса.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-мартындагы N 22-р чечими
(КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2006-жылдын 19-июлундагы № 123, 2008-жылдын 18-июлундагы № 144, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзымынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"
- Закон КР от 16 февраля 2015 года № 33 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 июля 2006 года № 123 "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 22-р "жарандар Венера Ташмухамедовна Шаяхметованын жана Марита Давлетовна Шаяхметованын кайрылуусунун…Сот практикасы · Решение · 19.03.2014 · № 22-р
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 22-р "жарандар Венера Ташмухамедовна Шаяхметованын жана Марита Давлетовна Шаяхметованын кайрылуусунун…Решение · 19.03.2014 · № 22-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Положение · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө…Постановление · 09.12.2016 · № 651 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (3)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 22-р "жарандар Венера Ташмухамедовна Шаяхметованын жана Марита Давлетовна Шаяхметованын кайрылуусунун…Решение · 19.03.2014 · № 22-р
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2008 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-28" title="28-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>