397-статья. Жашы жетелек шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин тергөөгө жана соттук териштирүүгө катышуусу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
397-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 397-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Жашы жетелектин кылмыштары жөнүндө иштерди тергөөгө жана соттук териштирүүгө жашы жетелек шектүүнүн, соттолуучунун, айыпкердин мыйзамдуу өкүлү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери катышат. Бир нече мыйзамдуу өкүлдөр болгондо, тергөөгө жана соттук териштирүүгө катышуучу мыйзамдуу өкүлдү тандоо жашы жетелектин жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин пикирин эске алуу менен жүргүзүлөт. (2) Жашы жетелектин мыйзамдуу өкүлүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин ишке катышуусуна тергөөчүнүн токтому менен жашы жетелек шектүү же айыпкер катары биринчи суракка алынган учурдан тартып жол берилет. Мыйзамдуу өкүлгө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктар түшүндүрүлөт. (3) Жашы жетелектин мыйзамдуу өкүлү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жетелектен эмнеден шек саналып же ал эмне үчүн айыпталып жатканы жөнүндө билүүгө; айып коюлуп жатканда катышууга; жашы жетелекти суракка алууга, ошондой эле шектүү же айыпкер жашы жетелекти жана анын жактоочусунун катышуусу менен жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине катышууга; өзү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана аларда жазылгандардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө сын-пикирлерин жазуу жүзүндө берүүгө; өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды берүүгө; тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттери менен чечимдерине даттанууга; далилдерди келтирүүгө; тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга, андан кандай болбосун маалыматтарды жана кандай болбосун көлөмдө жазып алууга укуктуу. (4) Эгерде алардын аракеттери жашы жетелектин таламдарына зыян келтирүүдө же ишти калыс тергөөгө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер болсо, жашы жетелектин мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ишке катышуудан четтетилиши мүмкүн. Бул жөнүндө тергөөчү же сот жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Мындай учурда жашы жетелектин башка мыйзамдуу өкүлүнө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ишке катышууга жол берилет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
397-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-397" title="397-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>