392-статья. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иштер боюнча белгиленүүгө тийиш болгон жагдайлар
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
(1) Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иштер боюнча тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүүдө ушул Кодекстин 82-статьясында каралган жагдайларды далилдөө менен катар:
1) жашы жетпегендин курагы (туулган күнү, айы, жылы);
2) инсандын интеллектик, психикалык өнүгүүсүнүн жана башка өзгөчөлүктөрүнүн деңгээли, ошондой эле анын жашоосунун жана тарбияланышынын шарттары;
3) шыкакчы жана катышуучу чоң адамдардын бар же жок экендиги айкындалууга тийиш.
(2) Жашы жетпегендин жин оорусуна байланышпаган кандайдыр-бир себептер боюнча акылы кем экендиги жөнүндө маалыматтар болгондо, ал өзүнүн коомдук коркунучтуу аракеттерин аңдап биле ала тургандыгы жана аларды башкара ала тургандыгы да айкындалууга тийиш. (3) Ал жагдайларды белгилөө үчүн жашы жетпегендин ата-энеси, педагогдору, тарбиялоочулары жана зарыл маалыматтарды бере алуучу башка адамдар суралышы, ошого тете зарыл маалыматтар суратылып алынышы жана башка тергөө жана сот аракеттери жүргүзүлүшү мүмкүн. (4) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын даярдоого жана тергөөчүгө жана сотко корутунду берүүгө милдеттүү. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
392-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-392" title="392-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>