365-статья. Жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 41-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
(1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 69-статьясында каралган учурларда, жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгон адам жазаны өтөгөн жер боюнча сот тарабынан өкүмдү аткаруучу органдын сунушу боюнча колдонулат. Тартиптик аскер бөлүгүндө жазаны өтөп жаткандарга карата мындай чаралар сот тарабынан тартиптик аскер бөлүгүнүн командирлеринин сунушу боюнча колдонулат. (2) Он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарды жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, өкүмдү аткаруучу органдын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешип чыгарылган сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат. (3) Жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, сот тарабынан баш тартылган учурда, бул маселе боюнча сунушту кайталап кароо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде үч ай өткөндө жүргүзүлүшү мүмкүн. (4) Сот жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу менен соттолгон адамга белгилүү бир милдеттерди: туруктуу жашаган жерин уруксатсыз өзгөртпөөнү, белгилүү бир жерлерге барбоону, ошондой эле анын оңолушуна көмөк көрсөтүүчү башка милдеттерди аткарууну жүктөй алат. (5) Жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдын жүрүм-турумуна контролдук кылуу ички иштер органдарынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазаны аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматчыларына карата - аскер бөлүктөрүнүн жана аскер мекемелеринин командирлери тарабынан жүзөгө ашырылат. (6) Эгерде жазанын өтөлбөй калган бөлүгүнүн ичинде соттолгон адам коомдук тартипти бузгандыгы үчүн ага администрациялык жаза берилсе же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонууда сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан кыянатчылык менен баш тартса, сот ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу жана жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн аткартуу жөнүндө токтом чыгарат. (7) Соттолгон адам тарабынан жазасынын өтөлө элек бөлүгүнүн ичинде, жаңы кылмыш жасалган учурда сот ага өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындайт. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
365-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-365" title="365-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>