331-22-статья. Сот арачыларынын кеңешмесинин купуялуулугу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнөн кийин сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетишет. (2) Сот арачыларынан тышкары кеңешүү бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна жол берилбейт. (3) Кеңешүү бөлмөсүндө байланыш каражаттарынын болушуна жана пайдаланылышына тыюу салынат. (4) Сот арачылары вердиктти талкуулоодо жана кабыл алууда орун алган пикирлерди ачыкка чыгарууга укуксуз. (5) Сот арачыларынын сот заседаниесинде жүргүзгөн жазууларын алар кеңешүү бөлмөсүндө сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жоопторду даярдоо үчүн пайдаланышы мүмкүн. (6) Түнкү убакыттын кириши менен жумуш убактысынын аякташы боюнча, ошондой эле төрагалык кылуучунун уруксаты менен сот арачылары кеңешмени эс алуу үчүн токтотууга укуктуу. Эс алуу мезгилинде сот арачыларына ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазууларды кеңешүү бөлмөсүнөн алып чыгууга тыюу салынат. (7) Кеңешүү бөлмөсү соттук жасоол тарабынан анда сот арачылары турган бардык мезгилде кайтарууга алынат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-22" title="331-22-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>