331-21-статья. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын коллегиясы вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетээрдин алдында төрагалык кылуучу сот арачыларына багыттоочу сөзү менен кайрылат. (2) Багыттоочу сөз сүйлөөдө төрагалык кылуучуга сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган маселелер боюнча өз пикирин кандайдыр бир формада билдирүүгө тыюу салынат. (3) Төрагалык кылуучу багыттоочу сөзүндө:
1) айыптоонун мазмунун баяндайт;
2) соттолуучу айыпталып жаткан жосун жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти караган жазык мыйзамынын мазмунун билдирет;
3) өзүнүн ал далилдерге катышын билдирбестен жана алар боюнча тыянак чыгарбастан соттолуучунун айыбын ачкан, ошондой эле аны актаган далилдерди сотто изилдөө жөнүндө эске салат;
4) мамлекеттик айыптоочунун жана коргоочунун позицияларын баяндайт;
5) сот арачыларына далилдерге жалпысынан баа берүүнүн негизги эрежелерин; күнөөсүздүк презумпция принцибинин маңызын; соттолуучунун пайдасында четтетилбеген шек саноолорду чечмелөө жөнүндө жобону; алардын вердикти сот заседаниесинде түздөн-түз изилденген далилдерге гана негизделиши мүмкүн экендиги жөнүндө, алар үчүн эч кандай далилдер мурдатан белгиленген күчкө ээ эмес экендиги, алардын тыянактары божомолдорго, ошондой эле сот тарабынан жол берилгис деп таанылган далилдерге негизделбей тургандыгын түшүндүрөт;
6) сот арачыларынын коллегиясынын көңүлүн соттолуучунун сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышы же анын үн катпай коюшу юридикалык күчкө ээ эмес экендигине жана соттолуучунун күнөөлүү экендигинин далили катары чечмелениши мүмкүн экендигине бурат;
7) сот арачыларынын кеңешмесинин, коюлган суроолорго жооптуу даярдоонун, жооптор боюнча добуш берүүнүн жана вердикт кабыл алуунун тартибин түшүндүрөт;
8) сот арачыларына алар берген анттын мазмуну жөнүндө эскертет.
(4) Сот арачылары төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүн угуу жана алардын алдына коюлган суроолор менен таанышуу менен бирге, андан кошумча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Багыттоочу сөздүн көчүрмөсү тараптарга жана сот арачыларына жарыя кылынгандан кийин дароо тапшырылат. (5) Тараптар сот заседаниесинде төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнүн мазмунуна байланыштуу ал объективдүүлүк принцибин бузгандыгынын жүйөөсү боюнча билдирүүгө укуктуу, алар сот заседаниесинин протоколуна киргизилүүгө тийиш. (6) Багыттоочу сөздү түзүү үчүн төрагалык кылуучу сот заседаниесине жарыялоого укуктуу.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-21" title="331-21-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>