329-статья. Жекече айыптоо иштерин козгоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жекече айыптоо иши адам тарабынан башка адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко арыз берүү жолу менен козголот. (2) Арызда ал берилген соттун аталышы; кылмыш окуясынын баяндалышы, далилдерди, ал жасалган жерди жана убакытты көрсөтүү менен; ишти жүргүзүүгө алуу жөнүндө сотко кайрылган өтүнүү; жазык жоопкерчилигине тартылуучу адам жөнүндө маалыматтар; сотко чакыруу зарыл болгон күбөлөрдүн тизмеси камтылууга тийиш. Ага арыз берген адамдын колу коюлат. (3) Арыз жекече айыптоо иши козголуп жаткан адамдардын санына жараша көчүрмөлөрү менен сотко берилет. (4) Сот арызды өзүнө алган учурдан тартып, арыз берген адам жекече айыптоочу болуп саналат жана ага ушул Кодекстин 27 жана 50-статьяларында каралган укуктар түшүндүрүлүп берилүүгө тийиш. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-январындагы N 1-р чечими
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
329-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-329" title="329-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>