328-3-статья. Өкүм чыгаруу тартиби жана ага даттануунун чектери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 36-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Коюлган күнөөлөргө макул болууга байланыштуу жалпы тартипте соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн жаза берүүнү дайындоо жөнүндө өтүнүч боюнча сот заседаниеси ушул Кодекстин 36-главасынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. (2) Сот заседаниеси соттолуучунун жана анын жактоочусунун милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. (3) Соттолуучунун өкүмдүн токтомун соттук териштирүүсүз чыгаруу жөнүндө өтүнүчү мамлекеттик айыптоочунун соттолуучуга коюлуп жаткан айыптарды баяндоосу менен, ал эми жазык иштери боюнча жеке айыптоо жеке айыптоочунун айыптоону баяндоосу менен башталат. (4) Судья соттолуучудан тагылган айыптар ага түшүнүктүүбү-жокпу, анын тагылган айыптоо менен макулдугун жана өзүнүн өкүмдүн токтомун соттук териштирүүсүз чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн колдоорун, бул өтүнүч ыктыярдуу жана жактоочусу менен кеңешкенден кийин билдирилгенби, өкүмдүн токтомун соттук териштирүүсүз чыгаруунун натыйжаларын түшүнө билеби, ушуларды сурайт. Соттук заседаниеде жабырлануучу катышып олтурганда судья андан соттолуучунун өтүнүчүнө карата мамилесин сурап билет. (5) Судья жазык иши боюнча чогулган далилдерди жалпы тартипте иликтөөнү жана баа берүүнү жүргүзбөйт. Мында соттолуучунун инсандыгын мүнөздөөчү жагдайлар жана жазаны жеңилдетүүчү жана оорлотуучу жагдайлар иликтениши мүмкүн. Судья тараптардын жарыш сөздөрүн, соттолуучунун акыркы сөзүн угат, андан кийин өкүмдүн токтомун чыгаруу үчүн дароо чыгып кетет. (6) Соттолуучу, мамлекеттик же жеке айыптоочу, жабырлануучу өкүмдүн токтомуна каршы болгондо судья соттук териштирүүсүз же өз демилгеси менен соттук териштирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин токтотуу жөнүндө жана жазык ишин жалпы тартипте кароону белгилөө жөнүндө токтом чыгарат. (7) Эгерде судья соттолуучу макул болгон айыптоо жазык иши боюнча топтолгон далилдер менен бышыкталат деген жыйынтыкка келсе, анда ал айыптоо өкүмүнүн токтомун чыгарат жана соттолуучуга эң жогорку мөөнөттүн үчтөн экисинен ашпаган же жасалган кылмыш үчүн каралган бир кыйла катуу жаза түрүнүн өлчөмүнөн ашпаган жазаны белгилейт. (8) Айыптоочу өкүмдүн баяндама-жүйөөлөмө бөлүгү соттолуучу макул болгон кылмыштуу жосунду сыпаттоодон, ошондой эле соттук териштирүүсүз өкүмдүн токтомунун шарттарын сактоо жөнүндө соттун жыйынтыктарынан турат. Судьянын далилдерди талдоосу жана аларга баа берүүсү өкүмдө чагылдырылбайт. (9) Сот өкүм чыгаруунун алдында соттолуучуну, жабырлануучуну суракка алат, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүн, эксперттик корутундуларды жарыялайт, мамлекеттик айыптоочунун, жактоочунун же өкүлдүн (мыйзамдуу өкүлдүн) ой-пикирлерин угат. (10) Эгерде сот соттолуучу макул болуусунун негиздүүлүгү жөнүндө тыянакка келсе, ал айыптоо өкүмүн чыгарат жана соттолуучуга кылмыш жасагандыгы үчүн каралган максималдуу мөөнөттүн үчтөн экисинен же жаза берүүнүн эң катуу түрүнүн өлчөмүнөн ашпай турган жаза дайындайт. (11) Өкүм жарыялангандан кийин судья тараптарга ушул Кодекстин 38-главасында каралган ага карата даттануу укугун жана тартибин түшүндүрөт. (12) Ушул Кодекстин 147-статьясында каралган процесстик чыгымдар соттолуучудан өндүрүлүп алынбайт. (13) ушул Кодекстин 328-3-статьясына ылайык чыгарылган өкүм ушул Кодекстин 349-статьясынын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча аппеляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартибинде даттанылышы мүмкүн эмес. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
328-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-328-3" title="328-3-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>