258-статья. Айыптоочунун соттук териштирүүгө катышуусу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Прокурор сот алдында жеке айыптоо каралган иштерден башка, бардык жазык иштери боюнча мамлекеттик айыптоону колдойт, соттолуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө далилдерди келтирет, аларды изилдөөгө катышат, жазык мыйзамын колдонуу боюнча өзүнүн тыянактарын сотко сунуштайт. (2) Эгерде муну мамлекеттин же коомдун кызыкчылыктарын же жарандардын укуктарын коргоо талап кылынса, прокурор жарандык доо коет же жабырлануучу койгон жарандык доону колдойт. (3) Прокурор айыптоону жеңилирээк айыптоого өзгөртө алат же айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат. (4) Сотто коюлгандан кыйла оор айыптоо аныкталганда, тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу жана процесстин катышуучуларынын укуктарын камсыздоо үчүн сот прокурордун өтүнүчү боюнча ага убакыт берет, ошондон кийин ишти териштирүү улантылат. (5) Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жазык жоопкерчилигине тартылбаган адамдардын кылмыш жасагандыгын көрсөтүүчү жагдайлар аныкталса, прокурор бул адамдарга карата жазык ишин козгоо боюнча чаралар көрөт. Ишти бөлөк кароого мүмкүн болбогондо, ал бир ишке бириктирилүүгө тийиш. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
258-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-258" title="258-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>