257-статья. Сот заседаниесинин катчысы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот заседаниесинин катчысы сот заседаниесине катышууга тийиш болгон адамдардын сотко келүүсүн текшерет, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырат. (2) Сот заседаниесинин катчысы сот заседаниесинин протоколун жүргүзөт. Протоколдо соттун аракеттерин жана чечимдерин, ошого тете процесске катышуучулардын заседаниенин жүрүшүндөгү жасаган аракеттерин толук жана туура чагылдырууга милдеттүү. (3) Протоколдун мазмуну боюнча төрагалык кылуучу менен пикир келишпестик келип чыккан учурда, катчы протоколго өзүнүн пикирлерин тиркөөгө укуктуу, алар ушул Кодекстин 273-статьясында каралган тартипте каралат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
257-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-257" title="257-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>