242-статья. Жазык ишин сотко караштуулугу боюнча өткөрүп берүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 31-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217
(1) Судья сот заседаниесин дайындоо тууралу маселени чечүүдө келип түшкөн иш ошол сотко караштуу эместигин аныктап, аны өзүнүн токтому менен сотко караштуулугу боюнча жөнөтөт. (2) Ишти соттук заседаниеге дайындаганга чейин сот арачылардын катышуусу менен каралууга жаткан кылмыш жасалгандыгы үчүн айыпталып жаткан соттолуучудан сотко ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч түшкөн учурда, судья жазык ишин тиешелүүлүгү боюнча тиешелүү сотко жөнөтөт. (3) Ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы же анын орунбасары өзүнүн токтому менен ишти кароо үчүн бир соттон экинчисине өткөрүп берет. Ушундай эле негиздер боюнча областтык соттун, Бишкек шаардык сотунун төрагасы ишти бир райондук (шаардык) соттон экинчисине өткөрүп берүүгө укуктуу, бул туурасында токтом чыгарылат. (4) Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин бузуу менен ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда, ишти жаңыдан кароого башка сотко жиберүүгө укуктуу. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
242-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Бишкек шаардык сотунун төрагасы ишти бир райондук (шаардык) соттон алынып салынды: экинчисине, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы ишти гарнизондун бир аскердик сотунан экинчисиие кошулду: экинчисине өткөрүп берүүгө укуктуу, бул туурасында токтом чыгарылат.
(4) Жогору … 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № алынып салынды: 234 кошулду: 234, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-242" title="242-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>