196-статья. Көздөштүрүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Тергөөчү көрсөтүүлөрүндө карама-каршылыгы бар мурда суралган эки адамды көздөштүрүүгө укуктуу. (2) Көздөштүрүүнүн алдында тергөөчү анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле ушул тергөө аракетин жүргүзүүнүн тартибин аларга түшүндүрөт. Эгерде көздөштүрүү күбө менен жабырлануучунун катышуусу менен жүргүзүлсө, аларга көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги үчүн жана атайылап жалган көрсөтүүлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул тууралу протоколго белги коюлат. (3) Тергөөчү көздөштүрүлүп жаткан адамдардын бири-бирин биле тургандыгын жана өз ара кандай мамиледе экендигин аныктайт. Көздөштүрүү аныктоо талап кылынып жаткан жагдайларды ырастаган адамды суракка алуудан башталат. Ишке катышуучуларга аныктоо үчүн көздөштүрүү жүргүзүлүп жаткан жагдайлар боюнча кезеги менен көрсөтүү берүү сунуш кылынат. Көрсөтүүлөр берилгенден кийин тергөөчү суралып жаткандардын ар бирине суроо бере алат. Бири-бири менен көздөштүрүлүп жаткан адамдар тергөөчүнүн уруксаты менен бири-бирине суроо бере алышат, бул тууралу протоколго белги коюлат. (4) Көздөштүрүүнү жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиркелген буюм далилдерин жана документтерди көрсөтүүгө укуктуу. (5) Көздөштүрүүгө катышкандардын сурактын мурдагы протоколдорунда камтылган көрсөтүүлөрун окуп берүүгө, ошондой эле бул көрсөтүүлөрдүн үн жазмасын уктурууга жана көрмө жазмаларын көргөзүүгө, алар көздөштүрүүдө көрсөтүү бергенден кийин жана алар протоколго жазылгандан кийин гана жол берилет. (6) Көздөштүрүүнүн протоколунда суралып жаткан адамдардын көрсөтүүлөрү алар кандай кезекте берилсе, ошондой жазылат. Көздөштүрүүнүн ар бир катышуучусу өзүнүн көрсөтүүсүнө, ошондой эле протоколдун ар бир барагына өзүнчө кол коет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
196-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-196" title="196-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>