Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
195-статья. Сурак протоколу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сурактын жүрүшү жана натыйжалары ушул Кодекстин 90 жана 170-статьяларынын талаптарын сактоо менен түзүлгөн протоколдо чагылдырылат. Көрсөтүүлөр суралып жаткандын өзүнөн жана мүмкүн болушунча сөзмө-сөз жазылып алынат. Суроолор жана аларга берилген жооптор суракта болгон ырааттуулукта жазылат. Протоколдо суракка катышкан адамдардын тергөөчү тарабынан четке кагылган же суралып жаткан адам жооп берүүдөн баш тарткан суроолор да четке кагуунун же баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен чагылдырылууга тийиш. (2) Тергөө аракеттеринин буюм далилдерин жана документтерин келтирүү, протоколдорун окуп берүү жана үн жана көрмө жазууну, киного тартууну көрсөтүү, ошондой эле ушул суралып жаткан адамга байланыштуу берилген көрсөтүүлөр протоколдо милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш. (3) Суралып жаткан адам тарабынан тергөө аракеттеринин жүрүшүндө схемалар, чиймелер, диаграммалар даярдалышы мүмкүн, алар протоколго тиркелип, бул тууралу анда белги коюлат. (4) Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адам өзүнүн көрсөтүүлөрүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Көрсөтүүлөр өз колу менен жазылгандан жана ага суралып жаткан адамдын колу коюлгандан кийин тергөөчү толуктоочу жана тактоочу суроолорду бере алат. (5) Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. (6) Суралып жаткан адамдын көрсөтүүлөр жана алардын жазылышынын тууралыгы менен иш жүзүндө таанышкандыгы протоколдун аягына өзүнүн колун коюушу менен күбөлөндүрүлөт. Суралып жаткан адам тарабынан протоколдун ар бир барагына да кол коюлат. (7) Эгерде суракка тилмеч катышса, ал дагы протоколдун ар бир барагына жана жалпы протоколго кол коет. Ал суралып жаткан адамдын өз колу менен жазган көрсөтүүлөрүнүн котормосуна да кол коет. (8) Протоколдо суракка катышкан бардык адамдар көрсөтүлөт. Алардын ар бири протоколго кол коюуга тийиш.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-195" title="195-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>