156-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кароонун натыйжасында тергөөчү жана прокурор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 мая 2016 года № 55
(1) Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган ар бир учурда же кылмышты түздөн-түз тапканда тергөөчү же прокурор тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши керек. (11) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат. Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми кошумча текшерүүнү талап кылган материалдар боюнча, - он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда бул мөөнөт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча прокурор тарабынан бир айга чейин узартылышы мүмкүн:
1) узак убакытты талап кылган экспертизаны, кызматтык иликтөөнү, документтик ревизияны же башка текшерүүнү жүргүзүү дайындалган болсо;
2) алыс жерлерде жүргөн же чакыруу боюнча келүүдөн качкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн суратып алуу зарыл болгондо;
3) кошумча текшерүүсүз чечим кабыл алууга мүмкүн эмес болгон жаңы жагдайлар белгиленген болсо.
Арызды кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчү тарабынан арыздануучуга жазуу жүзүндө билдирилет. (3) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга, уюмга же кызмат адамына билдирилет. Алардын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет. (4) Эгерде алынган арызда, кабарда администрациялык же дисциплинардык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар болсо, тергөөчү, прокурор келип түшкөн арызды же кабарды администрациялык же дисциплинардык тартипте кароого жөнөтүүгө укуктуу. (5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2011-жылдын 9-августундагы № 152, 2014-жылдын 20-февралындагы № 36, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155, 2016-жылдын 6-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
156-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 мая 2016 года № 55 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2014 года № 36 "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2011 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши керек.
кошулду: (11) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат.
Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу … 152, 2014-жылдын 20-февралындагы № 36, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № алынып салынды: 155 кошулду: 155, 2016-жылдын 6-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-156" title="156-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>