108-статья. Жашы жетпегенди көз салууга берүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июня 2001 года №62
(1) Жашы жетпегенди ата-энесинин, камкорчулардын, көздөөчүлөрдүн же башка ишенимге арзыган адамдардын, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрүнүн көз салуусуна берүү аталгандардын биринин жашы жетпегендин туура жүрүш-турушун жана анын тергөөчүгө, прокурорго же сотко келип турушун камсыз кылууга жазуу жүзүндө милдеттенме алышын билдирет. (2) Жашы жетпегенди ата-энесинин жана башка адамдардын көз салуусуна берүү алардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча гана мүмкүн болот. (3) Көз салууга алуу жөнүндө кол коюп берген учурда ата-энелер, камкорчулар, көздөөчүлөр, атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрү жашы жетпеген күнөөлөнүп жаткан кылмыштын мүнөзү жөнүндө жана көз салууга алуу боюнча алган милдеттенмелерин бузган учурдагы алардын жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет. (4) Жашы жетпегендерди көз салууга алгандар милдеттенмесин аткарбаган учурда, аларга карата ушул Кодекстин 106-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
108-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 106-статья. Жашы жетпегенди көз салууга берүү
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-108" title="108-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>