106-статья. Жеке кепилдик
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июля 2013 года № 109
(1) Жеке кепилдик айыпкер, соттолуучу ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарарына ишенимге арзый турган адамдардын кепил боло тургандыгы жөнүндө өздөрүнө жазуу жүзүндө милдеттенме алышын билдирет. Кепил болуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат. (2) Жеке кепилдикти бөгөт коюу чарасы катары тандап алууга кепил болуп жаткандардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жана айыпкердин, соттолуучунун макулдугу менен гана жол берилет. (3) Кепил болгон адам жеке кепилдиги туурасында кол коюп берет, анда өзү кепилге алып жаткан адамга карата коюлуп жаткан күнөөнүн маңызы түшүндүрүлгөндүгүн жана айыпкер, соттолуучу алдын алуу үчүн бул бөгөт коюу чарасы колдонулуп жаткан ишти жасаган учурда, кепил болуп жаткан адамга акчалай айып салына тургандыгы туурасында кепил болуучунун жоопкерчилиги жөнүндө ырастайт. (4) Айыпкер алдын алуу үчүн жеке кепилдик колдонулган аракеттерди жасаган учурда, ар бир кепилге сот тарабынан ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган тартипте эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин акчалай өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн. (КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
106-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 июля 2013 года № 109 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алышын билдирет. Кепил болуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. кошулду: Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат. (2) Жеке кепилдикти бөгөт коюу чарасы катары тандап алууга кепил … беш жүз өлчөмүнө чейин акчалай өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн. кошулду: (КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-106" title="106-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>