Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана „Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 1-марты № 999-VII 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 токтому менен жактырылган 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы бекитилсин (тиркелет).
2. "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" деп аталган 1-тиркеменин 37-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" деген 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"
38
"Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКнын 100% үлүшү
".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин пикирин эске алуу менен "Бешинчи канал" ЖАК өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- жогоруда аталган программанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Дж.К. Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2025 · № 195
- 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомуна…Программа · 01.03.2023 · № 999-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын…Постановление · 14.07.2025 · № 410
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен…Постановление · 17.09.2025 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген…Постановление · 20.05.2025 · № 263
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга…Постановление · 06.08.2025 · № 476
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен…Постановление · 31.10.2025 · № 712
- Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын…Постановление · 28.11.2022 · № 662
- КР Министрлер Кабинетинин 28.11.2022 №662 токтомуПостановление · 28.11.2022 · № 662
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.