Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-октябры № 712
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 1-тиркемесинде:
- 82-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:
“
83
“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК
* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 13-октябрындагы № 882-т тескемесине ылайык “Кыргызалтын” ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн
200100,0
100,0
100,0
”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
“
3
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Ала- Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 3-тиркемесинде:
– 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү…Постановление · 01.03.2023 · № 999-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021