Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө» токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2023-жылдын 18-январы № 864-VII Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы N 1909-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз тилинин статусун мамлекеттик тил катары мыйзамдык жана конституциялык жактан белгилөө кыргыз тилин өнүктүрүү, аны коомдук жана мамлекеттик турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө кеңири колдонуу үчүн укуктук негизди түздү. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендик белгилеринин бири болуп саналат жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана улуттарды консолидациялоо аркылуу өлкөнүн саясий, экономикалык жана руханий илгерилешине өбөлгө түзүүгө чакырылган. Коом өзүнүн билимдүү өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана өстүрүүгө жигердүү катышууга тийиш, ал эми мамлекет буга таасирдүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүү. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынышы өз учурунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон жана белгилүү өлчөмдө анын милдеттерин кеңейтүүгө көмөкчү болгон. Бирок кийинчерээк коомдогу олуттуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын көптөгөн жоболору ишке ашпай калды, ал эми алардын айрымдары иштебей же жаңы турмуш шарттарына жооп бербей калды. Өткөн жылдар мамлекеттик тил маселесин чечүүгө саясий-административдик үстүртөн мамиле жасоо ойдогудай натыйжа бербей тургандыгын көрсөттү. Анын үстүнө, ар кандай тарыхый жана объективдүү себептерден улам кыргыз тили мамлекеттик тилдин милдеттерин аткарууга даяр болгон эмес. Мамлекеттин муктаждыктарын толук камсыз кылуучу көп функциялуу тил катары анын калыптанышы үчүн шарт түзүү бүгүнкү күндөгү башкы милдет болуп саналат. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: (КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы N 1909-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүүсү жана өздөштүрүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырсын;
- жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, колледждерде, лицейлерде, гимназияларда), мектепке чейинки мекемелерде (бала бакчаларда) кыргыз тилин жана адабиятын окутуу көлөмүн (сааттарын) көбөйтүү маселесин чечсин;
- илимий-популярдуу, билим берүүчүлүк, документалдуу, телевизиондук, мультипликациялык жана көркөм фильмдерди мамлекеттик тилге которууну (дубляжды) камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын;
- дүйнөлүк классикалык адабий чыгармаларды, анын ичинде балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүн мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын финансылык каражат бөлүнүшүн камсыз кылсын;
- анимациялык фильмдерди кыргыз тилинде тартуу үчүн финансылык каражат бөлүүнү, анын ичинде мамлекеттик жеке өнөктөштүк жолу менен бюджеттен каражат бөлүүнү карасын;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү тутумунда мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын карамагындагы ведомстволук мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн.
- менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди комплекстүү окутуу үчүн жоболорду, усулдук колдонмолорду жана сунуштамаларды 2024-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын;
- менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ясли жана кенже топтордон баштап мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча чөнтөк сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча чараларды көрсүн;
- 5-8, 10-класстарда - мамлекеттик тил боюнча которуу экзамендерин (класстан класска), ал эми 9 жана 11-класстарда - мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик экзамендерди киргизсин;
- жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын программаларына ылайык Жалпы республикалык тестирлөө маселелерин кайра карап чыксын;
- педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана аларды окуу-усулдук куралдар менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрсүн;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзсүн;
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине "улуттук" статусун берүү жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик, муниципалдык, саясий мамлекеттик, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматчылар 2027-жылдын аягына чейин мамлекеттик тилди В1 (орто) деңгээлинде билиши керек экендиги белгиленсин;
- тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен бирдикте жарнама чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдаланууну тартипке салуу боюнча ишти туруктуу негизде жүзөгө ашырсын;
- ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын 10-ноябрга чейин маалымат берип турсун.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы N 1909-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга төмөндөгүлөр сунушталсын:
- Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, киргизилген терминдерди расмий түрдө бекитүү маселелерин кароо;
- басылып чыккан тармактык терминологиялык сөздүктөрдү кайрадан кароо жана тактоо боюнча чараларды көрүү;
- материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, көрсөтмө маалыматтык жана жарнамалык материалдарда жарыялоодо кыргыз адабий тилинин жана туура жазуунун ченемдеринин бекем сакталышын контролдоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдешүүсүн жана бланктарда, арыздардын, макулдашуулардын, келишимдердин ж.б. үлгүлөрүндө кыргыз тилинин орфографиясынын эрежелерин сакталышын контролдоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышынын маселелери жана мамлекеттик тилдин айрым көйгөйлөрүн чечүү боюнча семинарларды, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы N 1909-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI токтому.
Төрага
Н.Т.Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 1901-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 28.02.2024 · № 1901-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын 2024-2025-жылдардагы ишинин Сессиялык Планы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2024-жылдын…План · 10.10.2024 · № 2425-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралы № 1909-VII "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.02.2024 · № 1909-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 26.05.2016 · № 591-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы…Постановление · 13.09.2017 · № 1854-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралы № 1909-VII "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.02.2024 · № 1909-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 26.05.2016 · № 591-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы…Постановление · 13.09.2017 · № 1854-VI
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон