Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 864-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-февралы № 1909-VII
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 864-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 864-VII токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 864-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы жана 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "карасын" деген сөз "чечсин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди комплекстүү окутуу үчүн жоболорду, усулдук колдонмолорду жана сунуштамаларды 2024-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын;
- менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ясли жана кенже топтордон баштап мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча чөнтөк сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча чараларды көрсүн;
- 5-8, 10-класстарда - мамлекеттик тил боюнча которуу экзамендерин (класстан класска), ал эми 9 жана 11-класстарда - мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик экзамендерди киргизсин;
- жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын программаларына ылайык Жалпы республикалык тестирлөө маселелерин кайра карап чыксын;
- педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана аларды окуу-усулдук куралдар менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрсүн;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзсүн;
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине "улуттук" статусун берүү жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик, муниципалдык, саясий мамлекеттик, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматчылар 2027-жылдын аягына чейин мамлекеттик тилди В1 (орто) деңгээлинде билиши керек экендиги белгиленсин;
- тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен бирдикте жарнама чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдаланууну тартипке салуу боюнча ишти туруктуу негизде жүзөгө ашырсын;
- ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын 10-ноябрга чейин маалымат берип турсун.".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н. А. Азыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 864-VII "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.01.2023 · № 864-VII
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140