Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы N 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 июня 2022 года № 375-VII "О возражении Президента Кыргызской Республики к Закону Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты но вопросам детей"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-29.
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-июну № 346-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. В.К.Раимбачаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрага;
2. Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тең төрага;
3. А.Исатбек кызы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4. А.А.Айдарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5. Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6. А.А.Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
7. Ж.К.Дуйшеева - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
8. З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
9. Ж.И.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
10. Г.С.Шейшекеева - "Укук борбору" коомдук фондунун директору;
11. Е.С.Заиченко - БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун балдардын укуктарын коргоо боюнча программасынын координатору.".
2. 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата…Постановление · 29.06.2022 · № 375-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам…Постановление · 20.10.2021 · № 4933-VI · Күчүн жоготкон