Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 июня 2022 года № 375-VII "О возражении Президента Кыргызской Республики к Закону Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты но вопросам детей"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-29.
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 20-октябры № 4933-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) А.Э.Самигуллина - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;
2) А.С.Кодуранова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
3) Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири;
4) Б.К.Кенжематов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
5) А.К.Бакетаев - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
6) А.Б.Баетов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
7) К.Б.Базарбаев - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
8) Б.Д.Купешев - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
9) Г.С.Шейшекеева - "Центр права" коомдук фондунун директору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
А.К.Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагу № 299-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдыи 16-июнундагы жыйналышынын кун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2022 · № 299
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата…Постановление · 29.06.2022 · № 375-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы N 346-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Балдар маселелери боюнча…Постановление · 16.06.2022 · № 346-VII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 375-VII "Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата…Постановление · 29.06.2022 · № 375-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон