8-статья. Дин уюмдарынын уставдары
Күчүн жоготкон · 31.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282.
Дин уюмдарынын уставдары (жоболору) же ишмердиктин динге үйрөнүү
жагын аныктаган, дин уюмдарынын ички маселелерин чечкен башка документ-
тер мамлекеттик органдарда катталууга тийиш эмес. Мамлекет дин уюмдары
тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш кылынып жана колдонулуп жүргөн
законго карама-каршы келбесе аларды эске алат жана анын ички түзүлүштө-
рүн урматтайт.
Дин уюмдары юридикалык жак катары укук алуу үчүн, аны уюштурган 18
жашка толгон ондон кем эмес сандагы граждандар уставы (жобосу) тиркел-
ген арыз уюмдун иштөөсү болжолдонгон жердеги юстиция органдарына катта-
луу үчүн кайрылууга тийиш. Эгерде ошол уюм республикалык бир диний ме-
кемеге караштуу болсо уставында көрсөтүлөт жана ошол мекеменин кароосу-
нан өткөрүлгөн соњ, каттоого берилет. Юстиция органдары арызды бир ай-
лык мөөнөттө карап чыгып, тийиштүү чечим кабыл алат. Устав төмөнкү маа-
лыматтарды камтууга тийиш:
дин уюмдарынын аталышы, түрү, жайгашкан орду же району, анын тут-
кан дини жөнүндө;
аны түзүүнүн тартиби, структурасы жана аны башкаруу жөнүндө;
анын мүлктүк абалы, каражаттарды түзүүнүн булактары жана уюмдун
өзүндөгү жана өз ара аракеттенген уюмдар менен мүлктүк ички мамилелер
жөнүндө;
ишканаларды жана массалык маалымат каражаттарын уюштуруу, окуу
жайларын түзүү боюнча укуктары жөнүндө;
ал уюмду жана ал түзгөн органдарды жоюунун тартиби жөнүндө;
ал уюмдун ишмердигинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жобо-
лор.
Дин уюмдары юридикалык жак катары граждандык законго жана өзүнүн
уставына (жобосуна) ылайык укуктардан пайдаланат жана милдеттүү болот.
Берененин тексти 31.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/891/st-8" title="8-статья - Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>