6-статья. Мектепти дин уюмдарынан бөлүү
Күчүн жоготкон · 31.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик билим берүү системасы диний
уюмдардан бөлүнгөн. Граждандардын алардын динге болгон мамилелерине ка-
рабастан билим берүүнүн ар кандай түрлөрүнө жана дењгээлдерине ээ бо-
лууга жол ачык.
Граждандар дин окуусун үйрөнүп жана өзү тандап алган тилде жекече
же башкалар менен бирге диний билим ала алат.
Белгиленген тартипте катталган уставы (жобосу) бар дин уюмдары
өздөрү белгилеген шарттарга ылайык балдарга жана чоњ кишилерге диний
билим берүү үчүн окуу жайларын жана топторду түзүүгө, ошондой эле ага
таандык жана ага берилген имараттарды пайдалануу менен башка формаларда
окууларды өткөрүүгө укуктуу.
Балдарды динге уюшкандыкта окутуу ата-энелеринин жана аларды ал-
маштырган адамдардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Динге окуткан адамдардын атайын диний билими болууга тийиш жана
алар өз ишин дин башкармасынын, борборунун уруксаты менен гана жүргүзө
алат. Жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялоо зарылдыгын эсепке алып,
мектептерде ыйман, адеп-ахлак сабагын мүмкүнчүлүккө жараша киргизе бе-
рүүгө жол берилет. Окутуучулар жергиликтүү элге билим берүү органдары
тарабынан тандалат
II глава
Диний уюмдарды түзүү
Берененин тексти 31.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/891/st-6" title="6-статья - Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>