Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Дин ырым-жырымдары жана ырасымдар
Күчүн жоготкон · 31.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282.
Граждандар жана дин уюмдары кудайга сыйынуу же диний чогулуштарды
өткөрүүчү эркин кирүүгө боло турган жерлерди, ошондой эле тигил же бул
динге ыйык жерлерди (сыйынуучу жерлерди) негиздөөгө жана күтүүгө укук-
туу.
Кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдар жана ырасымдар табынуучулук
имараттарда жана аларга таандык аймактарда, зыярат кылуучу жерлерде,
дин уюмдарынын мекемелеринде, көрүстөндөрдө, граждандардын үйлөрүндө
жана квартираларында эч тоскоолдуксуз жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктөрдүн командованиеси аскер кызматчыларына бош убак-
тыларында кудайга сыйынууга жана диний ырасымдарды жасоого тоскоолдук
кылбайт.
Дин уюмдары ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана май-
ыптар үйлөрүндө, эркинен ажыратылган адамдар турган жерлердеги граждан-
дарга кудайга сыйынуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга акылуу.
Ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана майыптар үйлө-
рүндө, алдын ала камакта турган жана жазасын өтөп жаткан жерлердеги
граждандардын өтүнүчтөрү боюнча ал жерлерде кудайга сыйынуу жана диний
ырым-жырымдарды өткөрүшөт. Ал мекемелердин администрациясы дин кызмат-
чысын чакыртууга көмөк көрсөтүп, кудайга сыйынуунун, ырым-жырымдарды же
ырасымдарды өткөрүүнүн убактысын жана башка шарттарды аныктоого каты-
шат.
Башка учурларда эл алдында кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдар
жана ырасымдар Кыргыз Республикасында чогулуштарды, митингдерди, демон-
страцияларды жана жүрүштөрдү өткөрүү үчүн белгиленген тартипте ишке
ашырылат.
Мусулманчылыктын жана мусулман элдеринин байыртан элдик салты бо-
луп калган уул балдарды жашынан сүннөткө отургузуу расмине, ошондой эле
үйлөнүү учурундагы граждандык каттоо менен катар мусулмандарга мечитте,
үй-бүлөдө мусулман салты боюнча нике кыюуга, ошондой эле христиандарга
чокундуруу, чиркөөгө барып баш кошуу салтанатын өткөрүүгө жол берилет.
Орозо айт, Курман айт, Рождество күндөрү дем алыш жана майрам күндөрү
деп жарыялансын.
Берененин тексти 31.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/891/st-15" title="15-статья - Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>