10-статья. Дин уюмдарынын ишмердигин токтотуу
Күчүн жоготкон · 31.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282.
Дин уюмдарынын ишмердиги алардын өз уставдарына ылайык алар жоюл-
ган учурда же ушул Закондун жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасы-
нын башка закон актыларын бузган учурда токтотулушу мүмкүн.
Юридикалык жак катары дин уюмунун иши жоюу же кайра уюштуруу жолу
менен токтотулушу мүмкүн.
Дин уюму төмөндөгүдөй учурларда:
- анын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун же устав (жобо) тарабынан ага
ыйгарым укук берилген дин уюмунун органынын чечими боюнча;
- аны түзүүдө четтетүүгө мүмкүн болбогон мүнөздөгү мыйзам бузуу-
ларга жол берилгендиги үчүн дин уюмун каттоону сот жараксыз деп тапкан-
дыгына байланыштуу;
- мыйзам тыюу салган иш же мыйзамдарды көп ирет же одоно бузуулар
менен жүргүзүлгөн иш жүзөгө ашырылган учурда, же болбосо уставдык мак-
саттарга карама-каршы келген иш үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылса, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда сот-
тун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.
(КР 1997-жылдын 19-ноябрындагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
III Глава
Дин уюмдарынын мүлктүк абалы
Берененин тексти 31.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.11.1997 · № 79 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/891/st-10" title="10-статья - Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>