Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-февралы № 48-VII Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык) Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосунда парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы; Улан Болотбекович Бакасов; Дастанбек Артисбекович Джумабеков; Русланбек Шергазиевич Жакышов; Тазабек Икрамович Икрамов; Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков; Айбек Жапарович Осмонов; Чолпон Аалыевна Султанбекова; Балбак Зарлыкович Түлөбаев.
2. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссияга - Русланбек Шергазиевич Жакышов, Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков; социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга - Улан Болотбекович Бакасов, Айбек Жапарович Осмонов; экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Дастанбек Артисбекович Джумабеков, Чолпон Аалыевна Султанбекова; курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга - Балбак Зарлыкович Түлөбаев, Тазабек Икрамович Икрамов.
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2022 · № 566-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2022 · № 94-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1548-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2023 · № 1548
- КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1993-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2024 · № 1993-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 2017-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2024 · № 2017-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 2007-VII "“Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын…Постановление · 17.04.2024 · № 2007-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.09.2024 · № 2347-VII