Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 2347-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын, ошондой эле укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын курамдарынан чыгарылсын.
2) Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын, ошондой эле укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын курамдарына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Икрамов Тазабек Икрамович жана Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Дж.К. Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча…Постановление · 10.02.2022 · № 57-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2022 · № 48-VII