Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН «Электр станциялары» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-январы № 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарын реструктуризациялоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө жаткан бюджеттик кредиттер боюнча карыздарынын сунушталган шарттарын реструктуризациялоону жана шарттарын өзгөртүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 532 тескемесинин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.
3. Республиканын калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча "Өкмөттүк күн" өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 133-б (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү…Распоряжение · 13.05.2019 · № 133-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 140-б "Нарын облусунун Нарын шаарында тазалоочу курулмаларды куруу жана реабилитациялоо жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 24.04.2020 · № 140-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59