Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун жана Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоорлорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 13-майы № 133-б Ош облусунун Өзгөн районунун айылдарындагы суу менен жабдуу системаларын өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 4-январындагы N 2168-VI "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдары төлөөгө…Постановление · 04.01.2018 · № 2168-VI
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон