Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4891-VI токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
- Никитенко Наталья Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы;
- Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4891-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 4859-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.09.2021 · № 4859
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4864-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 30.09.2021 · № 4864-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 13-октябрындагы №4917-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 13-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 13.10.2021 · № 4917-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4891-VI ""Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын…Постановление · 30.09.2021 · № 4891-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4926-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдып 30-нюнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 20.10.2021 · № 49
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон