Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Селекциялык жетишкендиктин приоритеттик укугу
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 января 2015 года № 4
Селекциялык жетишкендиктин приоритети патент алууга өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет. Эгерде бир күндө бир эле селекциялык жетишкендикке эки (же андан көп) өтүнмө келип түшсө, приоритет мурдараак жөнөтүлгөн өтүнмөнүн датасы боюнча белгиленет. Эгерде экспертиза бул өтүнмөлөр бир эле датада жөнөтүлгөндүгүн аныктаса, патент мурдараак катталуу номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилиши мүмкүн. Селекциялык жетишкендиктин приоритети, эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн датадан тартып он эки айдын ичинде келип түшсө, өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишим менен байланышкан чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн. Биринчи өтүнмөнүн негизинде приоритет укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө берүүчү аны өтүнмө берүүдө көрсөтүүгө милдеттүү. Аларды алган орган тарабынан баштапкы өтүнмө материалдарынын ырасталган көчүрмөлөрү, ошондой эле эки өтүнмөнүн тең предмети болгон селекциялык жетишкендик бир эле нерсе экендигинин үлгүлөрү же башка далилдери үч айдын ичинде берилет. Өтүнмө берүүчүгө приоритет бүткөндөн кийин же биринчи өтүнмө четке кагылган же кайра алынган учурларда, экспертиза максаттары үчүн талап кылынган зарыл болгон маалыматты, документтерди же материалдарды берүү үчүн жетиштүү убакыт (мындай четке кагуудан же кайра алуудан кийин) берилет. (КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-9" title="9-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>