Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Селекциялык жетишкендиктин аталышы
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 января 2015 года № 4
Селекциялык жетишкендиктин анын уруулук тегин көрсөткөн аталышы болууга тийиш. Селекциялык жетишкендиктин аталышы селекциялык жетишкендикти идентификациялоого мүмкүндүк берүүгө, кыскача болууга, ошондой эле же ага жакын ботаникалык, же зоологиялык уруунун болгон селекциялык жетишкендиктеринин аттарынан айырмаланууга тийиш. Ал жалаң цифралардан турбоого, селекциялык жетишкендиктин касиеттери, теги, мааниси, селекциячынын инсандыгы жагында адаштырбоого, коомдук адептүүлүктүн принциптерине каршы келбөөгө тийиш. Селекциялык жетишкендикти пайдаланган кандай адам болсун, Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде ал кандай аталышта катталса, ошол аталышты колдонууга тийиш. Эгерде селекциялык жетишкендиктин аталышы ушул статьянын талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө берүүчү аны Эрежелерде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө милдеттүү. Селекциялык жетишкендиктин аталышын өтүнмө берүүчүнүн демилгеси боюнча өзгөртүү үчүн тийиштүү алым төлөнөт. Сорт, тукум башка өлкөлөрдө Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган аталышында сунушталууга тийиш. Башка өлкөнүн компетенттүү органы селекциялык жетишкендиктин сунушталган аталышын, эгерде мындай аталыш анын аймагында кабыл алынбайт деп эсептебегенде гана каттайт. Кабыл алынбайт деп эсептеген учурда ал селекциячыдан башка аталышты сунуштоону талап кылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн аймакта корголуучу селекциялык жетишкендикти сатыкка коюучу же аны башка өлкөлөргө сатуу-берүүнү жүзөгө ашыруучу ар кандай адам, эгерде ушул статьянын жетинчи бөлүгүнө ылайык мурда алынган укук мындай пайдаланууга тоскоолдук келтирбегенде гана, ушул селекциялык жетишкендиктин аталышын бул селекциялык жетишкендикке селекциячынын патентинин же укугунун мөөнөтү бүткөндөн кийин да пайдаланууга милдеттүү. Үчүнчү жактардын мурда алынган укуктарына кол тийгизилбейт. Эгерде ушул статьянын алтынчы бөлүгүнө ылайык аны пайдаланууга милдеттүү болгон адамдын мурда алынган укуктун күчүнөн улам сорттун, тукумдун кандайдыр бир аталышын пайдалануусуна тыюу салынса, өтүнмө берүүчү ошол сорт, тукум үчүн башка аталыш берүүгө милдеттүү. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2015-жылдын 12-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 января 2015 года № 4 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правовой охране селекционных достижений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/87/st-8" title="8-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>