Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «2019-жылы 9-октябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-октябры №150 2019-жылы 9-октябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылы 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 138 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Молдокулов Мурат Джакшимбекович, Шайымкулов Курманбек Ниязбекович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 9-октябрындагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 8 депутаты катышып, М.Д Молдокулов - 8 добуш, К.Н.Шайымкулов - 0 добуш алышкан, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 9-октябрындагы протоколу менен Молдокулов Мурат Джакшимбекович Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 9-октябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Молдокулов Мурат Джакшимбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов 2019-жылдын 20-сентябрыдагы №138 "Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 20.09.2019 · № 138
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон