Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов «Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-сентябры №138 Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө 2019-жылдын 17-сентябрына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилген. Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 52 буйругу менен Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Баялиев Кайрат Сатыбаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2019-жылдын 4-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 9-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Кемин жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 10-октябрындагы №147 "2019-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн…Постановление · 10.10.2019 · № 147
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 24-октябрындагы №150 "2019-жылы 9-октябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл…Постановление · 24.10.2019 · № 150
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.