КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу жана Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 8-майы №59 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу жана Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 2019-жылдын 6-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 6-майындагы № 33 буйругу менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Юлчиев Нормахамат, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2019-жылдын 22-майына дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 27-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Жети-Өгүз жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 74 "Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш…Постановление · 03.06.2019 · № 74
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-майындагы №1 "Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 27.05.2019 · № 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.