Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каргалык айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 „Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү“ токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо» токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 27-августу № 45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо
Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) ксзектеги XVII сессинсы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо ооюнча материалдары жана "Кыргыз мамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 03.04.2018-жылдагы № 62 буйругу менен бекитилген жумушчу комиссиясынын айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча картографиялык материалдары бекитилсин.
3. Өзгөчө корголуучу, жерлерден, тактап айтканда "Саймалуу Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын №26, 35, 40. 45, 48. 53. 55 кварталдарынан буга чейин жол болуп келген жана картада белгиленип турган Каргалык айыл аймагынын алыскы жайыттарына баруучу мал айдап өтүүчү жол (сервитут) эске алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайты нажарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго жүктөлсүн.
Төрага
Р. Жунусакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы №59 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу жана Ош облусунун Ноокат районунун…Постановление · 08.05.2019 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 114 · Күчүн жоготкон