Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-апрели №39 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы № 16 буйругу менен Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Насыбалы уулу Каныбек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы № 03-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы № 18 буйругу менен Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбеков Мансур Таштемирович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 24-апрелине дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жумгал, Нарын жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон