Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу
Күчүн жоготкон · 11.06.1998 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июня 2012 года № 90
Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпысынан жана ар бир тармак боюнча алдыда боло турган чыгымдарды пландаштыруу максатында келечектеги ресурстардын көлөмү жөнүндө түшүнүк берүүчү, мамлекет ишинин артыкчылыктуу багыттарын, өзгөчө артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор жагындагы багытын так аныктоого мүмкүндүк бере турган мамлекеттик финансыны башкаруунун куралы болуп саналат. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу үстүдөгү жылдан кийинки үч жылга түзүлөт жана үстүдөгү бюджеттик жылдын жана кийинки үч жылдын көрсөткүчтөрүн чагылдырууга тийиш. Орточо мөөнөттүү прогнозду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген экономикалык прогнозунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдөн турууга тийиш:
а) салыктын негизги түрлөрүн жана башка кирешелерди бөлүп көрсөтүү менен бюджеттин кирешеси;
б) учурдагы чыгымдарды, өнүгүүнүн бюджетин (анын ичинде капиталдык салымдар, геологиялык чалгындоо иштери, илим ж.б.) бөлүп көрсөтүү менен чыгымдардын негизги тобундагы бюджеттин чыгымдары;
в) бюджеттин тартыштыгы жана аны жабуунун булактары.
Бюджеттин орточо мөөнөттүү божомолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Координациялык кеңешке учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирилбестен берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун 15-майга чейин карайт да, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржылануучу башка органдар боюнча чыгымдардын максималдуу өлчөмдөрүн чектеп, негизги принциптерди иштеп чыгууну аяктайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бекиткен бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозунун көрсөткүчтөрү контролдук цифралар түрүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржыланган республикалык башка органдарга жеткирилет. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу салык жана бюджет саясаты жана экономикалык кырдаал өзгөргөн учурда жарым жылда кеминде бир жолу кайра каралат. Прогноздун көрсөткүчтөрү келерки жылга бюджеттин киреше жана чыгым бөлүгүн аныктоо үчүн пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун иштеп чыккандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна коет. (КР 2003-жылдын 25-сентябрынын № 216, 2004-жылдын 20-июлундагы № 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы № 169, 2009-жылдын 18-майындагы № 157, 2012-жылдын 28-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.1998 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июня 2012 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2009 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 сентября 2004 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2004 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 сентября 2003 года № 216 " О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 53-б ("2013-2015-жылдарга фискалдык саясаттын максаттарын кошкондо Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык…Распоряжение · 20.02.2012 · № 53-р
- Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы № 194 "2017-2019 ж.ж. бюджет боюнча кирешелер проектин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2016 · № 194
- Беловодск айылдык кеңешинин 2016-жылдын 7-июлундагы № 195 "2017-2019 ж.ж. бюджет боюнча чыгашалар проектин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2016 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 174 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 174 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 103-б (2016-2018-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунук долбоорун Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун өз…Распоряжение · 17.03.2015 · № 103-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 83-б (2014-2016-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун даярдоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.03.2013 · № 83-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 96-б (2015-2017-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун даярдоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.03.2014 · № 96-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 76-б (2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун жана 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.02.2016 · № 76-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/86/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>