Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-16.
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 28-июну № 90 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын 3-бөлүгүндө "экономикалык прогнозунун" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 11-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 15-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын:
4. I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн (атайын каражаттар) бюджеттик мекемелердин кирешелери
Атайын каражаттар - бул бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык берилген уруксаттар болгондо, продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана (же) иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруудан алынган каражаттары. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда бул каражаттар атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тиешелүү ченемдик укуктук актылар жок болгон учурда, каражаттар мекеменин атайын эсебине чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулушу мүмкүн эмес:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
- укук бузуулар менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле укук бузууларды жасоонун конфискацияланган товарларын, куралдарын жана башка товарларды сатуудан түшкөн каражаттар.".
5. 26-статьяда:
2-бөлүктө "же гранттар" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Бюджеттин тартыштыгын жабууга мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүүдөн жана мурда берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин негизги суммасын кайтарып берүүдөн түшкөн кирешелер жумшалат.".
6. 27-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 31-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1) эл аралык донорлордон расмий трансферттердин келип түшүүсү;".
8. 32-статьянын 18-пунктунда "жана менчиктештирүүдөн" деген сөздөр алып салынсын.
9. 42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Киреше бөлүгүнө кошумча түшүүлөрдү мыйзам чегинде бекитүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына финансы жылы бүткөнгө чейин 3 айдан кечиктирбестен экиден ашык эмес өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.".
10. 45-статьяда:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо жана кабыл алуу үчүн, ага түшүндүрмө кат менен отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.". 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, бюджет маселесин тейлеген туруктуу комитеттердин баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын өткөн жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын карайт жана кабыл алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2012 года № 726 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на…Постановление · 18.10.2012 · № 726 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон