КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 29-ноябры № 2728-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 31-октябрындагы № 510 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бюджеттин киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн жана мамлекеттик инвестициялардын программаларынын алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышын аткарбаган Өкмөт мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволордун жетекчилеринин жекече жоопкерчиликтерин кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-жылдын аягына чейин төмөнкүлөрдү каржыласын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигин башка мамлекеттик мекемелердин өздөштүрүлбөгөн каражаттарынын эсебинен автомобиль жолдорун куруу боюнча подрядчылардын жана жөнөтүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын жабууга 535,0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин министрликтин бюджетинин башка беренелери боюнча үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларындагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин куруу иштерин аяктоого 85,0 млн. сом суммасында.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 31.10.2018 · № 510 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)