Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-июну № 2530-VI Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарды убактылуу турак жай менен камсыздоо жана өрт сыноо лабораториясын түзүү боюнча биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 198 тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 142292,6 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорунда Мамлекеттик бюджеттик резервден 142292,6 миң сом суммасында каражат бөлүүнү карасын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)