Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасындагы айлана чөйрөнүн абалынын айрым аспектилери, „жашыл экономика“ принциптерин киргизүүнүн келечектери жана „Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү“ беделин жылдыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-февралы № 2232-VI Кыргыз Республикасындагы айлана чөйрөнүн абалынын айрым аспектилери, "жашыл экономика" принциптерин киргизүүнүн келечектери жана "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" беделин жылдыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргызстанда экономикалык өнүгүүнүн "жашыл" экологиялык жактан багытталган бардык шарттар бар. Кыргызстандын экономикасы айыл чарба, энергетика жана туризм сыяктуу экономика секторлорун өнүктүрүүгө жана келечекте аны сактоого кыйла деңгээлде таасир тийгизиши мүмкүн болгон климаттын өзгөрүүсүнүн "татаал жаратылыштык" мүнөзүнө ээ. Кыргызстан "жашыл экономиканын" кызыкчылыктарындагы аракеттер үчүн өнөктөштүк демилгесине PAGE (Partnership for action on green economy) кошулган. Ошол эле мезгилде республикада энергияны үнөмдөө, тамчылатып сугаруу, органикалык айыл чарба продуктыларын өстүрүү боюнча координацияланбаган ар түрдүү долбоорлор бар. Бирок, БУУнун маалыматтары боюнча кандай гана мамлекет болбосун туруктуу өнүктүрүүнү түзүүгө комплекстүү, көп компоненттүү мамиле жасоо, ошондой эле жарандарда экологиялык ой жүгүртүүлөрдү жайылтуу маанилүү болуп саналган "жашыл экономика" сыяктуу аракеттер жетишсиз. Коңшу Кытай Эл Республикасындагы экологиялык көйгөйлөр буга таасын далил болуп саналат. КЭРдеги "экономиканы экологизациялоону" бир мезгилде жүргүзбөй туруп арзан жана "ыплас" технологиялардын негизинде тез өнүгүп жаткан өнөр жайы бул өлкөнүн жаратылыш балансын бузуп койгон. Бүгүнкү күндө Кытайда уулу заттардын абага чыгарылышы, таштандылардын көбөйүшү, таза суунун таңкыстыгы, токой ресурстарынын кыскарышы, айыл чарба жерлеринин начарлашы жана жоготуулары, шаарларда абанын булганышы жана бул процесстердин натыйжасында узак мөөнөттүү келечекте ордуна келтирүү үчүн мамлекеттен ири чыгымдарды жана ресурстарды талап кылган онкологиялык жана башка оорулардын өсүүсү байкалууда. Бул жаатында өндүрүштүн кайсы технологиялары пайдаланыла тургандыгы белгисиз болгон 42 кытай ишканасын Кыргызстанга которуп келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси кооптонууну жана тынчсызданууну пайда кылат. Мындай өндүрүш аракеттери катаал экологиялык талаптарга жана стандарттарга туура келээр бекен? Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасы гидроэнергетикалык ресурстар менен камсыздалган мамлекеттердин катарына кирет. Алардын потенциалы, адистердин баамы боюнча, 142 млрд. кВт саатты түзөт, анын ичинен бүгүнкү күндө 10%ы өздөштүрүлгөн. Энерготутум 7 ири гидроэлектростанциядан, "Чакан ГЭС" ААКсынын тутумундагы 9 кичи ГЭСтен, 5 жеке МГЭСтен, Бишкек жана Ош шааларынын ЖЭБдеринен турат. Энергияны гидроресурстардын эсебинен иштеп чыгуусу 93%дан көбүрөөктү түзөт. Өлкөдө жылуулук электростанциялардын (көмүр, мазут менен иштеген) саны көп деле эмес, атомдук электростанциялар жок. Ошондуктан, Кыргызстанда энергетикалык кубаттуулуктун калыптанган түзүмү "жашыл экономиканы" түзүү боюнча жакшы шарттарды пайда кылмакчы. Буга карабастан, энергиянын кайталанма булактарынын (ЭКБ) өндүрүүчүлөрү тарабынан электр энергиясын иштеп чыгуунун салыштырма салмагы жалпы көлөмүндө дагы эле болсо 1,0-1,5%дын чектеринде эң төмөнкү деңгээлде калып жатат. Республикада суунун, күндүн, шамалдын, биоресурстардын энергиясына негизделген ЭКБ базасында чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлор тарабынан ЭКБ тармагына туруктуу кызыгуулардын өсүп жаткандыгына карабастан маанилүү жана заманбап долбоорлор азырынча ишке ашырыла элек. Экологиялык аспектиден алып караганда, өлкө үчүн оң натыйжа - республикада өнөр жай өндүрүшүн кыскартуу (ири өнөр жай ишканаларын, тоо-кен-байытуу комбинаттарын жана башка булгай турган булактарды токтотуу) болгондугун белгилей кетүү маанилүү. Көз карандысыздыктын жылдарында стационардык булактардан (өнөр жай ишканаларынан) зыяндуу заттарды абага таратуу деңгээли бир топ эсеге кыскарган. Бирок, буга карабастан, жылуулук станциялардан жана буу казандардан зыяндуу заттардын чыгарылышы өсүү тенденциясында болууда. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын талдоолоруна ылайык, республикада 2011-2015-жылдардын аралыгында стационардык булактардан зыяндуу заттардын абага таралышы 50%га жакын көбөйүп, 2011-жылы 42,5 миң тоннадан, 2015-жылы 61,0 миң тоннага чейин жеткен. Мында биздин шаарларда абаны жана экологияны жаңы булактар менен булгоо көйгөйлөрүнүн тереңдеп бара жатышы өтө тынчсызданууну пайда кылууда. Калктын 64%нан көбү жашаган ири шаарлардын экологиясын автомобилдештирүү деңгээлинин өсүшү жылдан жылга начарлатууда. 2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасында айлана чөйрөнүн абалы жөнүндө Улуттук баяндаманын маалыматтарына ылайык, эксперттердин баалоолору боюнча, булгаган негизги заттардын 87%ы кыймылдуу булактардан - транспорттук каражаттардан абага таралып жатат. 2014-жылы кыймылдуу булактардан атмосфералык абага зыяндуу заттардын таралуусу 400,3 миң тоннаны түзгөн, бул 2011-жылдагыдан 1,6 эсеге көп. 2014-жылы зыяндуу заттардын абага таралуусунун көп санын углерод жана азот оксиддери, ошондой эле автотранспорт бензинин керектөөлөрдөн улам углеводороддор түзгөн. Республика боюнча бүтүндөй алганда, мунайзат продуктыларын (бензинди жана дизотунун) пайдалануу 2016-жылы 1,3 млн. тоннаны түзгөн, бул 2010-жылга салыштырганда 1,7 эсеге көп. Бензинди (94%) жана дизель отунун (89%) негизги керектөө Бишкек шаарына (2014-жылы) туура келген. Бишкек жана Ош шаарларында кыймылдуу булактардан, жылуулук станцияларынан, өнөр жай ишканаларынан абаны зыяндуу заттар менен булгоонун жогорку деңгээли белгиленген. Эсеп жана мониторинг дээрлик жүргүзүлбөгөн жеке секторлордон жана турак жай конуштардан зыяндуу заттардын абага таралуу көлөмүнүн көбөйгөндүгүн өзгөчө белгилей кетүү керек. Бишкек шаарынын ойдуң жерде орун алышы атмосферада зыяндуу заттардын топтолушуна өбөлгө түзүп, көчөлөрдүн жана жолдордун таза аба агымы менен алмашуусун начарлатууда. Абаны табигый тазалоо көйгөйү борбордун ортоңку жана түштүк бөлүктөрүндөгү аба массасынын кыймылы үчүн мейкиндиктерге жолтоолук кылган баш аламан үйлөрдүн массалык курулушу менен барган сайын тереңдеп жатат. Демек, шаарларды өнүктүрүүнү экологизациялоо үчүн шаар куруу жана архитектураны өркүндөтүүгө, шаардык чарбаларды пландаштырууга, жол кыймылын уюштурууга жана коомдук транспортту экологизациялоого жаңы мамилелерди киргизүү зарыл. Бул абанын булганышына мониторинг тутумун жана коомдук контролду муниципалдык деңгээлде өнүктүрүүнү, турмуш тиричилик таштандыларын утилдештирүү процесстерин башкарууну, шаарлардын калкынын жана көп кабаттуу курулуштардын өсүп жаткандыгын эске алуу аркылуу жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү тутумун түзүүнү талап кылууда. Ошондуктан сарамжалдуу ресурстарды, энергиянын натыйжалуулугун жана энергияны үнөмдөөнү, анын ичинде салык жана бажы преференцияларын берүү жаатындагы аракеттерди көрүү жана пайдалануу боюнча бизнес чөйрөгө жана калкка дем берүү боюнча натыйжалуу чаралардын киргизилиши зарыл. Турак жай чарба чөйрөсү жөнүндө айтканда, ал газды, сууну жана жылуулук энергиясын үнөмсүз чыгымдоо, экономикалык көз караштан алганда, энергоресурстарды, имараттар менен курулмалардын долбоорлорун, курулуш материалдарын жана конструкцияларды натыйжасыз пайдалануу менен мүнөздөлөт. Жылуулук энергиясын, газды жана сууну чыгымдоону жана эсепке алууну жөнгө салуучу приборлор батирлерде жетиштүү санда орноштурулган эмес. Көз карандысыз изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча 2011-жылы "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсынын жылуулук энергиясынын жоготуулары жылуулук энергиясын жалпы берүүлөрүнөн 25%дан жогоруну түзгөн. Кыргызстандын турак жай фондунун жылуулугунун жоготуулары ушундай эле аба ырайы өкүм сүргөн өлкөлөргө караганда бир нече эсе жогору. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин институтунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда таза сууга жеткиликтүүлүк кырдаалы дагы эле "жагымсыз" деп бааланып, таза сууга муктаж болгондордун саны 1 миллион адамга жакын. Азыркы учурда 1125 айылдын тургундарынын борбордук суу түйүндөрү тутумуна жеткиликтүүлүгү жок - алар сууну ачык булактардан алууга муктаж. Республикада экотуризмди, ошондой эле рекреациялык туризмди, тоо туризмин, тоодо лыжа тебүү туризмин өнүктүрүү үчүн зор потенциал жетиштүү. Андыктан республиканын кайталангыс жаратылыш комплекстерин туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу өтө зарыл, анткени Арсланбаб коругунун кайталангыс жаңгак токойлорун үнөмсүз пайдалануу жана ал тургай алардын жоголуп кетүү коркунучу бар. Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын өнүктүрүүнүн экологизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек, себеби Ысык-Көлдүн акваториясын тиричилик таштандылары жана кир агын суулары менен булгоонун, рекреациялык объектилердеги (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө, жеке секторлордо) тазалоочу курулмалардын жоктугу, токой ресурстарын үнөмсүз пайдалануу, биоартүрдүүлүктү сактоо жана биоресурстарды үнөмдүү пайдалануу көйгөйлөрү сыяктуу көптөгөн фактылар кездешет. Ошондой эле азыркы учурда жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын иштетүүнү, казып алууну жана кайра иштетүүнү экологизациялоо, эскилиги жеткен тоо-кен байытуу комбинаттарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерин төмөндөтүү, рудаларды жана концентраттарды экспорттоодо жаратылышты коргоо жана улуттук байлыкты кайра бөлүштүрүүнүн артыкчылыктары эске алынган адилеттүү салык салуу маселелери, тоо-кен казып алуу процессинде, анын ичинде уулуу заттар көмүлгөн эски жана жаңы түзүлгөн жерлерди рекультивациялоо көйгөйлөрү өтө курч турат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын талдоолоруна ылайык 2011-2015-жылдардын аралыгында өнөр жай өндүрүшүнүн жана керектөөлөрдүн таштандылары 2015-жылы 114,9 млн. тоннаны түзүп, 21%га көбөйгөн. Алардын ичинен Ысык-Көл областынын аймагына ("Кумтөр" алтын кени) жалпы көлөмдүн 93%зы, калганы негизинен Бишкек шаарына жана Баткен областына туура келет. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын айыл чарбасында адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир көрсөткөн жана айлана-чөйрөнү булгаган пестициддерди пайдалануу чукулунан көбөйдү. Атап айтканда, 2011-2015-жылдардын аралыгында гербициддерди колдонуу - 85%га, фунгицидцерди - 13%, инсектициддерди колдонуу - 63%га өскөн. Айыл чарба жана жер мамилелери чөйрөсүндө реформалардын иш жүзүндө жоктугу, чарба жүргүзүүнүн жаңы усулдарын кеңири өнүктүрүү жана жайылтуу, атап айтканда, айыл чарба өндүрүшүндө жаңы "жашыл технологияларды" өнүктүрүү иштерине тоскоолдуктарды жаратууда. Анын жыйынтыгында эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн түзүмдөрү начар, жер ресурстары үнөмсүз жана натыйжасыз колдонулуу менен айыл чарба жерлери жана жайыттар деградацияга учурап, - биздин агрардык сектор примитивдүү түргө айланды. Ошону менен эле катар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарынын талдоосуна ылайык, 2010-жылдан 2015-жылга чейинки аралыгында онкологиялык шишик менен катталган оорулуулардын саны 31%га көбөйгөн (2010-жылы - 7,8 миң адам, 2015-жылы - 10,2 миң адам), бул Кыргызстанда экологиянын абалынын начарлап бара жатышынын так индикатору болуп саналат. Жалпылап айтканда, аталган мезгилдин ичинде онкологиялык шишик менен ооругандардын саны 26,9 миң адамдан 33,2 миң адамга чейин жетип, 23%га өскөн. Мында 2016-жылы залалдуу шишик менен каза болгондор республикада башка каза болгондордун 12%зын түзүп, 6 жылдын ичинде 3%га көбөйгөн (2010-жылы - 9%). Дем алуу органдарынын оорулары жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде 7%ды түздү (2010-жылы - 567,9 миң адам, 2014-жылы - 604,9 миң адам). Башкача айтканда, республикада абанын булганышынын жыйынтыгында жана бүтүндөй айлана-чөйрөнүн бузулушунан улам ар бир онунчу жаран дем алуу органдарынын ооруларынан жабыр тартат. Ошондой эле Кыргызстандын келечектеги муунуна айлана-чөйрөнүн булганышынын терс таасир көрсөтүүсү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда таанылган өлкөнүн экологиялык абалы жаатындагы индикаторлор менен белгиленген оорулардын санынын өсүшү менен тастыкталгандыгын белгилей кетүү маанилүү. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2010-жылдан тартып 2015-жылдардын аралыгында оорулуу болуп туулган балдардын саны 64%га көбөйгөн, мында оорулуу болуп туулган ымыркайлардын өлүмү 20%га өскөн. Мындан тышкары 2011-2015-жылдары залалдуу шишиктери бар 14 жашка чейинки оорулуу балдарды каттоо эки эсеге өскөндүгүн, ал эми рак менен ооруган балдардын саны 20%га көбөйгөндүгү белгиленген. Буга байланыштуу бала төрөй албаган аялдардын 14%га өсүшү, ошондой эле 2010-2015-жылдардын аралыгында аялдардын арасында залалдуу шишик оорулары менен катталган учурлардын 18%га өсүшү кыйла тынчсыздандырбай койбойт. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасында өлкөнү келечекте туруктуу өнүктүрүү үчүн коркунуч туудурган көйгөйлөр бар, алардын ичинен эң башкысы: натыйжалуу альтернативдерди түзбөй туруп жаратылыш ресурстарын колдонуп түгөтүү, негизги табигый экотутумдун жоготулушу жана адам капиталынын начарлашы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы үчүн "жашыл экономикага" өтүү олуттуу зарылдык болуп саналат, анткени өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаратылыш ресурстарын керектөөгө кыйла деңгээлде негизделген. Кыргызстанда мамлекет "жашыл экономика" принциптери боюнча өнүгүүгө кандайча аракеттене тургандыгы жаатында өлкөнүн өзүнүн брендин алдыга жылдыруу үчүн бардык шарттар бар. Андыктан "демократия аралчасы" деп аталган өлкө жөнүндө пикирлер, "Кыргызстан - жашыл экономикасы бар аралча, жашыл экономикалуу өлкө" деп аталган жаңы бедел менен толукталышы зарыл. ЕАЭБге катышкан мамлекеттер менен бир катарда "жашыл экономика" принциптерине өтүүнүн мамлекеттик концепциясынын кабыл алынгандыгын белгилей кетүү зарыл. Бул мамлекеттерге Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия Федерациясы кирет. Казакстанда "жашыл экономикага" өтүү боюнча концепция Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, Белоруссияда - өкмөттүн токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерди кабыл алышына көңүл буруп, экологиялык ой жүгүртүүлөрдү жогорулатууну, колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле бизнес-чөйрөнүн жана калктын энергия жана ресурс сактоочу технологияларды киргизүүсүнө дем берүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууларды кошуп алганда, Кыргызстанда "жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө багытталган чараларды иш жүзүндө иштеп чыгуу зарыл. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнүн абалынын айрым аспектилери, "жашыл экономика" принциптерин киргизүүнүн келечектери жана "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" беделин жылдыруу боюнча чаралар жөнүндө депутат Э.Байбакпаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү бир бөлүгү катары "жашыл экономика" концепциясын иштеп чыгуу токтоосуз зарылдык деп таанылсын.
3. "Жашыл экономика" концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасында киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобунун төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
- Э.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун жетекчиси;
- М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- К.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- А.Назаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- М.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- Б.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- Э.Токтошев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- А.Маматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- И.Сарсейитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү;
- М.Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, депутаттык жумушчу топтун мүчөсү.
4. Депутаттык жумушчу топ концепцияны иштеп чыгууда төмөнкүдөй багыттарды жана чараларды карасын:
- "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" брендин алдыга жылдыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери, министрликтер жана ведомстволор, эл аралык жана коомдук уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте - "жашыл экономика" концепциясын даярдоодо илимий жана эксперттик коомчулукту тартуу менен иш план иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында "жашыл экономика" принциптерин киргизүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик-укуктук базаны кардиналдуу өнүктүрүү;
- эл аралык уюмдар, атап айтканда БУУ менен (БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы), Глобалдуу экологиялык фонд, Жашыл климаттык фонд жана "жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө тартылган башка фонддор менен "жашыл экономика" маселелери боюнча практикалык кызматташууларды өнүктүрүү;
- ресурстук-натыйжалуу жана экологиялык жактан таза өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү;
- "жашыл" облигация, "жашыл" технология үчүн кредиттер жана энергия үнөмдөө, фонддор сыяктуу жаңы финансылык дем берүүчү инструменттерди киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- тоо-кен-руда өндүрүшүндө экологиялык жактан таза биотехнологиялык рекультивациялоо усулдарын колдонуу;
- айыл чарбасында "жашыл" технологияга (органикалык жер иштетүү, тамчылатып сугаруу, айыл чарба жерлеринин жана жайыттарынын азыктуулугун калыбына келтирүү) өтүүгө дем берүү;
- экологиялык мал чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле тез өстүрө турган биологиялык усулдарды колдонбой туруп ГМО кошулбаган мал чарба продукцияларын өндүрүү;
- транспортту экологизациялоону өнүктүрүү, электромобилдердин импортуна жана пайдаланышына дем берүү, автотранспортту жана анын кыймылдаткычынын көлөмүн колдонуу мөөнөтүнө жараша прогрессивдүү салык салууларды киргизүү, коомдук транспортту газ отунуна которуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү, иштерди жана товарларды "жашыл" мамлекеттик сатып алууларды киргизүү, республикалык бюджеттин эсебинен социалдык мүнөздөгү объектилердин (мектептерди, ооруканаларды ж.б.) энергия үнөмдөөчү имараттарын куруу, калктуу конуштарды жана насостук станцияларды энергия үнөмдөөчү каражаттар менен жарыктандыруу;
- энергиянын кайталанма булактарынын (кичи гидроэлектростанциялардын, күн энергиясындагы электр станциялардын, шамалдын жана башка булактардын) индустриясын өнүктүрүү, республикада эл аралык тажрыйбаларды жана ресурстарды (ЮНИДО ж.б.) тартуу менен ЭКБны өнүктүрүү жана колдоо боюнча борбор түзүү;
- Ысык-Көл областынын биосфералык аймагын комплекстүү экологиялык өнүктүрүү;
- мыкты жаратылышты коргоо "жашыл" технологияларын киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу;
- "жашыл" технологияларды киргизүүгө дем берүүгө арналган экономикалык жана финансылык механизмдерди аныктоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында "жашыл экономикага" өтүү боюнча кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобу "жашыл экономика" концепциясын жана анын Кыргыз Республикасына киргизилишин даярдоо боюнча иштердин жыйынтыктарын 2018-жылдын 1-апрелине карата берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жана "жашыл экономика" концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасында киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобуна (Э.Байбакпаев) жүктөлсүн.
Төрага
Д. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз…Постановление · 28.06.2018 · № 2532-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3478-VI "Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2019 · № 3478-VI