Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 17 июня 2020 года № 3875-VI "О структуре Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-06-17.
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3875-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-апрели № 2378-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомго ылайык төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен; Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинен - Кыргыз Республикасынын министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1837-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3875-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3875-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1837-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3875-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3875-VI · Күчүн жоготкон