Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтому
КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-августу № 1837-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.
2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2018 · № 2378-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2016 · № 1054-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2018 · № 2378-VI · Күчүн жоготкон