Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-августу № 172 Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 24-августундагы № 533 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри Анарботоев Абдулмухтар Дастанович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2018-жылдын 16-июлундагы № 60-р тескемесине ылайык, Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Джекшембаев Бек Русланович, Юрьевка айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 13-июлундагы № 39/13-27 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 2017-жылдын 5-декабрындагы № 474-Б тескемесине ылайык, Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы Кулмурзаев Нуржан Кожомбердиевич, Сокулук районунун прокуратурасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 11/602-17 сунуштамасынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө", "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 18-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Лейлек, Сокулук жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Юрьевка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 13-июлундагы № 39/13-27 "Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Р. Джекшембаевке ишенбестик билдирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2018 · № 39/13-27
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы № 188 "2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана…Постановление · 16.10.2018 · № 188
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон