Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-августу № 160 Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 154 токтому менен 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 151 токтому менен 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Нарын жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич табылсын.
2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Капарова Жамила Маматалиевна табылсын.
3. Нарын жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 151 "Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн…Постановление · 23.07.2018 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 31.07.2018 · № 154
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон