Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-июлу № 154 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 2018-жылдын 27-июлуна дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № 297-б буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чодуев Урмат Асылбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 26-июлундагы № 141 буйругу менен Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбеков Марат Рыскулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 24-июлундагы № Б-13/VI буйругу менен Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы Жумакулов Майрамбек Темирбекович, Шадыкан айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 1-июнундагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 13-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
5. Нарын, Сокулук, Ак-Суу жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 25.09.2018 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-августундагы № 160 "Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Ош облусунун…Постановление · 13.08.2018 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-августундагы № 164 "2018-жылдын 13-августунда өткөрүлгөн Кыргыз…Постановление · 17.08.2018 · № 164
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон